Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Балыкчы окуясы боюнча 13 киши камакта отурат


Алардын ичинен 10 киши Караколдогу тергөө абагында, 3 киши Балыкчыдагы убактылуу тергөө абагында отурушат. Булардан тышкары 1 киши Балыкчыда ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн окуяга байкоо жүргүзүп жаткан “Жарандык коом корркупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова билдирди. Укук коргоочу бүгүн Караколдогу тергөө изоляторунда отургандардын ахыбалы менен таанышып чыкты. Анын айтымында камакка алынгандар милициянын токмогунан катуу жабыркаган, дээрлик камалуу себебин али толук түшүнүшө элек. Камакта отургандардын айткандарына караганда 23-июлдагы добуш берүү маалындагы бюллетендерди таңгактап үкөктөргө салуу Балыкчы жаңжалынын чыгышын шарттаган. 23-июлда Балыкчы шаарында чыккан чатак күч менен басылып, Жогорку Кеңештин депутаттары Мирбек Асанакунов, Кубанычбек Кадыров баштаган жыйырмадан ашык киши кармалган. Кармалгандардын депутаттар баштаган топ ар кандай негиздер менен буга чейин убактылуу бошотулган.
Фактыга ылайык ИИМ кармалгандарга Кылмыш Кодексинин үч беренеси боюнча Конституциялык түзүлүшкө кол салды, шайлоого тоскоолдук кылды, массалык тополоң уюштурууга аракет кылды деген айып коюуда. Камактагылардын ичинде эки аял бар. Алар – Балыкчы шаары боюнча СДПнын лидерлери – Асанова Айжаркын жана Жамгырчиева Гүлназ. (BuS)

XS
SM
MD
LG