Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

АКШ менен Кытай энергетика тармагында кызматташат


АКШ да, Кытай да Ирандын өзөктүк держава болушуна каршы. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон билдирди. Вашингтондо Стратегиялык жана экономикалык диалогдун алкагында Кытайдан барган жогорку даражалуу өкүлдөр менен сүйлөшүүдөн кийин Хиллари Клинтон “Кытай АКШ сымал эле Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу тынчсызданганы кубандырат” деп айтты. Өз кезегинде АКШнын каржы министри Тимоти Гейтнер дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүдө Кытай АКШ менен кызматташууга убада бергенин билдирди. Мындан сырткары АКШ менен Кытай энергетика жана экология тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койушту.

XS
SM
MD
LG