Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Аксы: 167 адамга күйдүргү жуккан болушу мүмкүн


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, Жалал-Абаттын Аксы районунда 167 адам күйдүргү жарасына чалдыккан болушу ыктымал. Аларды азыр райондук дарыгерлер текшерип жатат. Министрликтин билдиришинче, 18-июлда Семет айылынын С. Толтоев аттуу тургундун Чер жайлоосундагы уюм ылаңдап калган. Аны сойгон К. Толтоевдин баш бармагына жара чыккан. К. Толтоевдин диагнозун аныктоо үчүн анализдери Кербен шаарындагы санэпидемстанцияга жөнөтүлдү. Жыйынтыгы азырынча белгисиз. (EBM)

XS
SM
MD
LG