Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Нарында 3 оппозициячы прокуратурага жеткирилди


“Азаттыктын” Нарындагы кабарчысынын маалыматына караганда бүгүн эртең менен саат 10:00до “Ата-Мекен” партиясынын кеңсесинин жанына 50 чамалаш киши чогулду. Аларга Нарын облустук ички иштер башкармасынын орун басары Ороз Молдосариев менен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талипов Турсунбек акция өткөрүүгө уруксат жоктугун оозеки эскертишти. Саат 11:00де милициянын коштоосу менен чогулгандардан үч киши прокуратурага жеткирилди. Буга прокуратуранын чакыруу кагазы негиз болду. Чогулгандардын атынан прокуратурага барууга макулдук бергендердин катарында “Ата мекен” партиясынын шаардык, райондук координатору Адылбек Эсенбеков жана шайлоочулардын атынан эки аял бар. Бириккен оппозиция бүгүн өлкө боюнча мөөнөтсүз нааразылык акциялары башталарын шайлоодон кийин жарыялаган. . (BuS)

XS
SM
MD
LG