Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Т.Тургуналиев баштаган 42 киши кармалды


БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда жөө жүрүшкө чыккан оппозиция тарапкерлерин Бишкек шаардык милициясы кармап, кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына жеткирди. Алар “Таза шайлоо” урааны астында митинг өтөрү күтүлгөн СДП штабын көздөй Бишкек шаарынын күн батыш тарабынан келатышкан. Жөө жүрүшкө чыккандардын катарында Жайыл, Панфилов, Сокулук райондорунун тургундары бар деп билдирди Топчубек Тургуналиев. СДП штабы ошондой эле жөө жүрүш менен шаарды көздөй келаткан дагы бир нааразы топту милиция Кызыл-Аскер аймагынан таратты деп билдирди. Бул боюнча тартип коргоо кызматтары маалымат таратыша элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG