Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

“Жашылдар” партиясынын өкүлүн сабап кетишти


27-июлда кечки тогуздар чамасында “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Гульмира Асылбекованы белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Буга чейин Асылбекова “Менин тандоомдун мезгили” байкоочулар биримдиги атынан Чүй обулусундагы Москва районунда 23-июлдагы добуш берүүгө көзөмөл салып, көптөгөн мыйзам бузуу фактылары боюнча райондук шайлоо комиссиясына арыз жолдогон. Жабырлануучунун айтымында аны муунтуп, коркутуп-үркүтүшүп, арызын кайрып алууну талап кылышкан. Асылбекова бул окуя боюнча Баш прокуратурага жана Москва райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылганын партиянын басма сөз кызматы кабарлайт. (EK)

XS
SM
MD
LG