Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Азиза Абдирасулова Баш прокуратурага кайрылды


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова ИИМдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган оппозиция тарапкерлеринин үстүнөн коомдук жактоочулары жок, жабык түрдөгү мыйзамсыз сот өтүп жаткандыгына байланыштуу Баш прокуратурага кайрылды. Ушу тапка 10 адам соттолуп бүткөнү кабарланууда. Мындан тышкары укук коргоочу Кызыл-Аскердеги аскерий атайын комендатурадагы 22 адамга карата тезинен соттук медициналык экспертиза уюштуруу талабын коюда. Маалыматка караганда, атайын комендатурада катуу ур-токмокко алынгандар кармалууда жана алардын арасында денеси көгала 5 аял дагы бар. (EK)

XS
SM
MD
LG