Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Сагынбек Момбеков Бишкекте


Үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан ырчы кечээ түштөн кийин анын кармап отургандар Таластан чыгарып коюшкандыгын “Азаттыкка” бүгүн эрте менен билдирди. Сагынбек Момбеков оппозициянын бүгүнкү митингдерине катышарын, мындан ары да оппозиция менен мурдагыдай эле иштеше берерин маалымдады. Ырчынын айтуусунда үй камакта жаткан учурда күч колдонулган эмес, коркутуп-үркүтүүлөр да болгон эмес. Болгону “бизди туура түшүн, биз өз тапшырмабызды аткарып атабыз” деп айтып, ырчыдан “эч кандай дооматым жок” деген тил кат жаздырып алышкан.
Саясий ырчы Сагынбек Момбековду 27-июль күнү түн ичинде белгисиз бирөөлөр автоунаага күчтөп салып кетишкен эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG