Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Топчубек Тургуналиев 15 күнгө кесилди


Бишкек шаардык милициясынын кабыл алып бөлүштүрүүчү жайында көчмө сот өткөргөн Ленин райондук соту ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Сартбай Жайчыбеков маалымдады. Ошондой эле кечээки көчмө соттордун чечими менен президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккан он чакты жаран 15 күнгө, бир тобу 7 күнгө камалышты. Көпчүлүгүнө акчалай жаза салынды, айрым жашы жете электерге эскертүү берилди.

Укук коргоочулар менен адвокаттар камакка алынгандардын арасында нааразылык митингине таптакыр тиешеси жок, жай адамдар бар экендигин билдиришүүдө.

Буга чейин 23-июлда президенттик шайлоого тоскоол кылды, деген айып менен Балыкчыда камакка алынган 14 адам эмдигиче бошотула элек.

XS
SM
MD
LG