Бишкектин Алмата көчөсүндө жайгашкан имарат алдына милиция кызматкерлери да тартыла баштады. Туш тараптан келип жаткан адамдардын саны акырындап көбөйүүдө. Окуя болуп жаткан жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, шаардын сыртынан келип аткан адамдар аларды жолдо тосушканын, 4-5 адамдан топтолуп келаткандарды милиция шаарга киргизбөөгө аракет кылып атканын айтышты. Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев кечээ Балыкчыга жүрүш жасаша тургандыктарын, бүгүн саат ондон баштап кеңсеси алдында элдерди чогултарын жарыя кылган болчу. (IJz)