Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Нарын шаарынын борбордук аянтынан фонтан атылат


Мындай маалыматты Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов билдирди. "Биз «ГазпромнефтАзия» жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) менен сүйлөшүп, Нарын шаарынын борбордук аянтын кайра жасалгалоо иштерин 31-августка карата бүткөрүүнү болжоп жатабыз. Бир ай ичинде аянттагы текчелерге жыгач олтургучтар, тротуарлык такталар коюлмакчы. Ошондой эле аянттын бүтө элек жерлери брусчаткаланат. Ал эми фонтан болсо түстүү түскө айланмакчы,-деген шаар жетекчиси бул жөрөлгө Нарын облусунун 70 жылдыгынын урматына арналып ишке ашырылып жаткандыгын кошумчалады. «ГазпромнефтАзия» ЖЧКнын Нарындагы өкүлү Абдымамбет Жумаканов борбордук аянтты реконструкциялоо жөнүндө азырынча макулдашуулар жүрүп жаткандыгын билдирди. (KUs).

XS
SM
MD
LG