Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Кыргызстанда уйку лабораториясы ачылды


Бул лаборатория Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун базасында түзүлдү. Улуттук кардиология жана терапия борборунун профессору Талант Сооронбаевдин маалымдашынча, лабораторияда дарылоо үчүн заманбап жабдуулар орнотулган. Лаборатория уйкунун апноэси же уктап жаткан учурдагы дем алуунун убактылуу токтоп калуусу дартын айыктырууга багытталган. Адистердин айтымында, уктап жаткан учурдагы дем алуунун убактылуу токтошун коңурук тартуу катары түшүнсө болот. Коңурук тартууда органдар кислород менен жетиштүү камсыз болбой калгандыктан, адамдын өмүрү 30 пайызга кыскарат. Талант Сооронбаевдин билдиришинче, Россияда мындай уйку дартын дарылоо 5 миң доллар турат. Ал эми Кыргызстандагы ачылган лабораторияда дарылоо мындан 6-7 эсеге арзан болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG