Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Консот Бешимовдун кайрылуусун канаатандырган жок


Конституциялык Соттун судьяларынын пикиринде, мындай кайрылууну аларга БШК гана жолдогонго укуктуу экен, - деп белгилейт партиянын маалымат кызматы. Социал демократтар партиясынын лидери Бакыт Бешимов Конституциялык Сотко жолдогон кайрылуусунда президенттик шайлоону Баш мыйзамга төп эмес шайлоо деп табууну сураган. Ал буга чейин “Азаттыкка” берген интервьюсунда, Кыргызстандын жараны, депутат катары бардык расмий мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, маселени митингдер аркылуу гана эмес, сот аркылуу да чечүү максатын көздөй тургандыгын ырастаган. Ошондой эле ал эгер Коституциялык Сот анын кайрылуусун канаатандырбаса, анда алар тарых алдында өздөрүнүн мойнуна чоң жоопкерчиликти илээрин, ал болсо буларды тынч уктатпасын белгилеген.(AzK)

XS
SM
MD
LG