Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, кечээки акцияларга чыккандарга карата чара көрүү иш-чарасы учурунда 66 адам кармалган. Аларга тартип сактоо кызматкерлерине баш ийишкен эмес жана мыйзамсыз митингдерди өткөрүшкөн деген айыптар тагылган. Сот алардын он жетисин 15 күнгө, төртөөнү он күнгө, үчөөнү 7 күнгө, жетөөнү беш күнгө жана үчөөнү үч күнгө камоо чечимин чыгарган. 25 адамга 200 сомдон 3000 сомго чейинки айыптар салынган. Каршылык акцияларына катышкан калган жети адамга эскертүүлөр берилген. (IJz)