Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Ошто кафе-ресторандардан 109 кызматкер четтетилди


Ош шаарынын башкы санитардык дарыгери Жапар Саитов «Азаттыкка» кабарлашынча, мекеменин өкүлдөрү калааадагы коомдук тамактануучу жайларды текшеришкенде, анда эмгектенген 109 кызматкер медициналык кароодон өтпөгөндүгү, айрымдары жугуштуу дарттарга чалдыккандыгы аныкталды. Ошол себептүү ишкана ээлерине айып салынып, мыйзамды бузган тейлөөчүлөр жумушунан убакытуу четтетилди. Жергиликтүү серепчилер акыркы жылдары коомдук тамактануу жайлары көңүл сыртында калгандыгын ачыктап, өкмөттүк органдар пландуу текшерүү менен чектелип жатышкандыгын белгилешүүдө. Анткени менен Ош шаардык мамлекеттик санитардык көзөмөл бекетинин жетекчилиги мындай пикирге кошулбай тургандыгын, калкты тейлөө ишканалары көңүл борборунда экендигин маалымдашты. (ATo)

XS
SM
MD
LG