Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:35

БШК КР президенти деп К. Бакиевди каттады


Конституциялык сот 23-июлдагы президенттик шайлоону мыйзамдуу деп тааныган соң, 30-июль күнү кечке жуук Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодо көп добуш алган Курманбек Бакиевди КР мамлекет башчысы катары каттады. БШКдан маалымдашкандай президенттик кызматка киришүү учурунда Курманбек Бакиевге президенттик төш белги жана штандарт тапшырылат.
БШК 23-июлда болгон президенттик шайлоодо 76,12% добуш менен талапкер Курманбек Бакиев утту, деп билдирген.

Оппозициялык талапкер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев шайлоо мыйзам бузуулар менен өтүп жаткандыгын белгилешип, добуш берүү күнүнүн экинчи жарымында ага катышуудан баш тартышкан. КР президентин шайлоо демократиянын жоболоруна жооп бербеген шартта, өтө одоно мыйзам бузуулар менен өттү деген баасын ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана эл аралык байкоочулардын ЕНЕМО уюму да билдирген.

Курманбек Бакиевдин президенттик кызматка киришүү алдындагы ант берүү аземи 2-август күнү Бишкекте болмокчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG