Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Нигерияда козголоңчулардын лидери өлтүрүлдү


Нигерияда исламчыл козголоңчулардын лидери Мохаммед Юсуф өлтүрүлдү. Бул тууралуу полициянын өкүлү маалымдады. “Франс Пресс” маалымат агенттигинин кабарлашынча, мамлекеттик сыналгы аркылуу Мохаммед Юсуфтун өлүк денеси көрсөтүлгөн. Юсуф жетектеген “Бока Харам” радикал кыймылы акыркы бир нече күн ичинде Нигериянын түндүгүндөгү полициянын бекеттерине жана өкмөттүк имараттарга чабуул жасаган. Башаламандыктар маалында бери дегенде 180 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG