Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Иранда полиция митингди таратты


Иран полициясы бейшембиде Тегерандагы мүрзөдө чогулган миңдеген адамдарды күчтөп кууп таратып, каршылык көрсөткөндөр менен кагылыша кетти. Ал жерде чогулгандар өткөн айдагы митингдер маалында каза болгондорду эскерип, куран окутуп жатышкан. Тегерандык полиция кайгылуу окуяны эскерип чогулган элге каршы көздөн жаш агызган газ, резина союлдар колдонду. Элди ал жерге чогулууга үндөгөн оппозиция лидери Мир Хосейн Мусавини мүрзөдөн чыгып кетүүгө мажбурлап, бир топ кишини камакка алды. Мурдараак Мир Хосейн Мусави жана Мехди Каруби элди өткөн айдагы президенттик шайлоого удаа өткөн көчө акциялары маалында каза тапкан адамдардын кыркын мүрзөдө белгилөөнү сунушташкан.

XS
SM
MD
LG