Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Коомдук палата утулган талапкерлерге көңүл айтты


Коомдук палата бүгүн кайрылуу жасап, анда президенттик шайлоодо жеңбей калган талапкерлерди ачууга алдырбоого, акылдуулукка жана сабырдуулукка чакырды. Кыргызстандын жаңы тарыхында дагы бир өзгөчө окуя болгонун белгиледи. Саясий күрөш оңой болбойт, анда ар дайым жеңгендер жана жеңилдендер болот, деп айтылат кайрылууда. Утулуп калган тараптын көчө акциялары уюштуруу аракеттери азыр актуалдуу эместиги жана бул жакшылыкка алып келбей турганы кошумчаланган. Коомдук палата жарандар менен бийликтин ортосунда көпүрө болот, деп 2008-жылдын декабрь айында президенттин жардыгы менен түзүлгөн. Айрым саясий серепчилер муну бийликтин жетегинен чыга албаган түзүм катары сыпаттап сынга алып келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG