Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

ЖККУнун лидерлери бүгүн Чолпон-Атада жолугушат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. План боюнча кечки саат 18.00дө ЖККУга кирген өлкөлөрдүн президенттери жолугуп, саммит ачык деп жарыяланат.

Учурда Беларус, Казакстан жана Армениянын президенттери Кыргызстанда. Уюмга мүчө калган өлкөлөрдүн президенттери кечке чейин келишмекчи.

Саммит учурунда аймакты 5 000 милиция кызматкери кайтарууга алмакчы. Ал эми конокторго тамак жасоо үчүн Бишкектеги “Хаят”, “Ак кеме” сыяктуу мейманканалардан эң мыкты делген ашпозчулар жеткирилген. (IJz)

XS
SM
MD
LG