Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Хатами толкундоолор боюнча сотту айыптады


Ирандын мурдагы президенти жана оппозициянын колдоочусу Мохаммад Хатами июнь толкундоолоруна байланыштуу өтүп жаткан сот процессин айыптады. Президенттик шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан кийин тутанган нааразылык акцияларынан кийин камалган 100дөй адамдын соту кечээ Тегеранда башталган. Хатами сот Конституцияга, мыйзамга каршы келет деп билдирди. "Адвокаттар процесстин алдында иш менен таанышып чыкан эмес, сот мыйзамсыз жолдор менен алынган көргөзмөлөргө таянууда", - деди экс-президент. Сот жообуна тартылгандарга зомбулукка тукуруу, тополоңго катышуу, антиреволюциячыл топтор менен байланыш түзүү деген айыптар тагылууда.

XS
SM
MD
LG