Бүгүн БЭКтин Жалал-Абад облустук жыйыны президенттик шайлоонун жыйынтыктарын талкуулаганы жатат. “Азаттыктын” облустук кабарчысынын маалыматына караганда жыйын Аксы районунун Топ-Жаңгак айылында өтүп, анда өлкөдөгү саясий. Социалдык-экономикалык абал боюнча кайрылуу кабыл алынып, оппозициялык кыймылдын аймактык бөлүмүнүн мындан аркы ишмердүүлүгүнүн багыттары аныкталат. Облустук жыйынга БЭКтин борбордук штабынын лидерлери катышары тууралуу маалымат таратылган жок. (BuS)