Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Бакиев инагурациясына 650 киши катышты


Кайра шайланган президент Курманбек Бакиев келерки беш жылда Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүн, улуттук коопсуздукту, жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууну, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү ММК эркиндигин жана жоопкерчилигин тереңдетүүнү көздөйт. Бул тууралуу кечээ өткөн кызматка кайрадан расмий кирүү иш-чарасында билдирди. Президент биринчи иш мөөнөттө өлкөдө туруктуулук жана жарандык тынчтык орноттум деп, аны башкы жетишкендиги катары белгиледи.

Инагурация жекшемби күнү өкмөт үйүндө өтүп, ага 650дөн ашык мамлекеттик, дипломатиялык ишмерлер катышты. Салтанатка катышкан Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Курманбек Бакиевди бир күн мурда өткөн бейформал Чолпон-Ата саммитине катышкан ЖККУ президенттеринин атынан куттуктады. Курманбек Бакиев 23-июлда өткөн президенттик шайлоодо 76,43% добуш менен кайра шайланган президент деп таанылган. Бириккен оппозиция бул тыянакты административдик ресурстун күчү деп баалап, Бакиевдин жеңишин тааныбастыгын жарыялаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG