ЧКМ маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча жаңы 7 техниканы бүгүн министр Камчыбек Ташиев министрликтин Ош, Бишкектеги борборлоруна, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы бөлүмдөрүнө тапшырды. Маалыматта айтылгандай трал деп аталган техникалар оор салмактагы экскаваторлорду бир жерден экинчи жерге ташууда колдонулат, жана ар биринин баасы 72 миң доллар турат. Буга чейин ЧКМ өрт өчүрүүчү 54 техника, оор жүк ташуучу 20 автоунаа жана Орусияда чыгарылган 6 экскаваторго ээ болгон.(ZKo)