Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:58

“Оймо-2009” фестивалы өтөт

Аталган төртүнчү эл аралык фестивалдын ачылышы 6-августта Бишкекте болот жана ал 12-августка чейин созулат. Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын максаты - Кыргызстанды маданият аралык диалогду өнүктүрүүнүн, эл аралык маданий туризмдин регионалдык аянты катары таанытуу. Фестивалдын алкагында Бишкекте жана Чолпон-Ата шаарында кол өнөрчүлүк жарманкелери, Борбор Азия дизайнерлеринин этномодасынын көргөзмөсү, балдарга колдонмо искусство боюнча мастер-класстар жана кол өнөрчүлүк, салттуу маданият меселелери боюнча талкуулар өткөрүлөт.
Ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн 100дон ашык кол өнөрчүлөрү Чолпон-Атада чыгыш базарын жайышат. (AzK)
XS
SM
MD
LG