Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Аксыда митинг аяктады


Бириккен элдик кыймылдын Аксыдагы координатору Кубанычбек Маматкеримовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүн Топ-Жаңгак айлында болгон митингге 1000ден ашуун киши катышты. Негизинен райондун тургундары, ошондой эле Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука райондорунан, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай шаарларынан өкүлдөр келишти. Митингдин катышуучулары 23-июлда болуп өткөн президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар өтө көп болгондугун белгилешип, шайлоону легитимсиз деп эсептешерин, анда жеңип чыкты деп айтылып жаткан К. Бакиевди президент катары тааныбай тургандыгын билдиришти. Жыйындын аягында ИИМге, Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко, кыргыз жараны К. Бакиевге кайрылуу жолдонду. Анда саясий куугунтуктоолорду токтотуу, 23-июлда, 29-июлда камакка алынган атуулдарды, К. Бакиевдин башкаруу саясатына каршы болгону үчүн ушул тапта камалып отургандардын бардыгын камактан бошотуу талап кылынган. Митинг аяктап калган мезгилде Аксы райондук милициясынан өкүлдөр келип, митинг тууралуу маалымат алып кетишкен.

Ошол эле учурда бүгүн Аксыда болгон Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов жыйынга 300 чакты эл катышканын билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG