Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:59

Пара алган мугалимдер кармалды

Каржы полициясынын маалымат кызматынын билдиришинче, бир жуманын ичинде ЖОЖдордо 3 пара алуу фактысы катталган. Окууга өткөрүп берем деген убада менен Раззаков атындагы Кыргыз техникалык универститетинин мугалими 10 миң сом, Ош техникалык университетинен бир мугалими 6 миң сом, Баткен мамлекеттик университетинен кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү 3 миң сом пара алууга аракет кылышкан. Алардын үчөөнө тең кылмыш кодексинин 225-беренеси (кызматкерлердин мыйзамсыз сыйлыктарды алуу) боюнча кылмыш иши козголду. (AzK)
XS
SM
MD
LG