Өзбекстандын башкы имамы Анвар кары Турсуновдун абалы оор, бирок стабилдүү. Имам 31-июлда бычак жеп ооруканага жеткирилген. Бийликтер Турсуновго ким жана эмне үчүн кол салганын иликтеп жатышат. Өзбекстан эгемендик алган 18 жылдан бери өлкөнүн башкы имамына кол салуу эч качан болгон эмес.