Ирактын батышындагы Анбар вилайетинде унаага орнотулган бомбанын жарылуусунан беш жайкын тургун набыт болуп, 23 киши жараат алды. Кабарларга караганда, жанкечти жергиликтүү полициянын жетекчисине кол салууга аракет жасаган. 2-августта Хадиса шаарындагы базарда да бомба жарылып, 7 киши мерт кеткен.