Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Вашингтон: “Иран өзөктүк куралга ээ болбойт”


Вашингтон Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын дагы бир ирээт тастыктады. Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Роберт Гиббс журналисттерге АКШ бул багытта “зарыл болгон аракеттерди жасарын” ырастады. Роберт Гиббс New York Times гезитинин “АКШ менен Израил Иранга жеткирилген бензиндин көлөмүн азайтуу үчүн чара колдонуу тууралуу сүйлөшүп жатат” деген маалыматына жооп берүүдөн баш тартты. Буга чейин New York Times гезити “Барак Обаманын администрациясы Иранга барчу мунай продуктуларынын көлөмүн чектөө мүмкүнчүлүктөрүн караштырууда” деп кабарлаган.

XS
SM
MD
LG