Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

“Ачык саясаттын” талашы сотто


“Эл сөзү” басылмасынын башкы редактору Рыскелди Момбековду “ар-намысыма шек келтирди” деген жүйөө менен “Ачык саясат” гезитинин мурдагы башкы редактору Бабыржан Жээнбеков сотко берген. Азыр бул иш Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Ушундай эле берене менен дагы бир соттук териштирүү Ленин райондук сотунда каралууда. Рыскелди Момбековдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча эки күн мурун ага Биринчи Май РИИБнөн чакыруу кагаз келип, тергөөчү Алимтай Жакыпов журналисттин үстүнөн “ээнбаштык кылганы үчүн” деген айып менен кылмыш ишин козгой тургандыгын маалымдаган. Бул дагы Бабыржан Жээнбековдун арызынын негизинде болуп жатат, дейт Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков мурда “Ачык саясат” гезитинде башкы редактордун 1-орун басары болуп иштеген. Гезиттин багыты өзгөргөнүнө макул болбогон басылма ээси Нурлан Балтабаев өзүнүн буйругу менен басылмага башкы редактор кылып Рыскелди Момбековду дайындап, ал эми Бабыржан Жээнбековду ишинен четтеткен. Бабыржан Жээнбеков гезит ээси менен үч жылдык келишим аягына чыга электигин негиз кылып, сотко кайрылган. Натыйжада “Ачык саясат” басылмасы ишин токтоткон, ал эми экиге бөлүнгөн эмгек жамааты “Назар” жана “Эл сөзү” деген эки гезитти чыгара баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG