Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Эсептөө палатасы: Тестирлөө билим сапатын баалабайт


Эсептөө палатасы өз иликтөөсүнө таянып, өлкөдөгү Жалпы республикалык тестирлөө мектептеги окутуунун сапатын жана окуучулардын билим деңгээлин баалай албайт, деген бүтүм чыгарды. Натыйжада билим берүүнүн сапаты начарлап жатканын билдирди. Акыйкатчы институтунун алдындагы Укук коргоочулар кеңеши аталган палатанын мындай бүтүмүн катуу сынга алууда. Кеңештин билдиришинче, тестирлөө билим берүү жаатындагы коррупцияга каршы турган бирден бир натыйжалуу долбоорлордун бири. Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан тарта жүргүзүлүп келет жана анын жыйынтыгы менен мектеп бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын мамлекеттик жогорку окуу жайларына тапшыра алат. Тестирлөөнүн натыйжалуулугу тууралуу жана анын ордуна бирдиктүү экзамен системасын киргизүү маселеси соңку 2-3-жылдан тарта көтөрүлүп келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG