Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Укук коргоочулар Эсеп палатасынын чечимине каршы


Акыйкатчынын алдындагы укук коргоочулар кеңеши Эсеп палатасынын өлкөдөгү Жалпы республикалык тестирлөө мектептеги окутуунун сапатын жана окуучулардын билим деңгээлин баалай албайт, деген бүтүмүнө каршылык билдиришүүдө. Алар бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин аныктоочу бул ыкма коррупцияны жоюуга жана чындыгында жакшы билими бар, сабаттуу балдардын жогорку окуу жайларынан орун алышына шарт түзгөн бирден-бир адилеттүү ыкма деп эсептешет. Билдирүүдө айтылгандай Эсеп палатасынын Жалпы республикалык тестирлөө жаштардын билим деңгээлин төмөндөтүп жатат, деген бүтүмү туура эмес, тескерисинче билим берүү тармагында ар түрдүү жаңыланууларга мына ушундай жолдор менен бут тосулуп келе жатат.

Акыйкатчынын алдындагы укук коргоочулар кеңеши Эсеп палатасынын жетекчилигине аудиторлордун билимин билим берүү жаатындагы заманбап деңгээлдер жана эл аралык келишимдер боюнча өнүктүрүү жагын тез арада кароону сунуш кылышкан.

КР Эсеп палатасы өлкөдөгү Жалпы республикалык тестирлөө мектептеги окутуунун сапатын жана окуучулардын билим деңгээлин баалай албайт, деген бүтүмүн бүгүн жарыялады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG