Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Иран америкалык 3 жарандын кармалышын бышыктады


Иран Ирак менен чек арага жакын аймакта америкалык 3 жарандын кармалышын бышыктады. Мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарлоосуна ылайык, америкалыктар өлкөгө “мыйзамсыз киргендиги” үчүн камакка алынды. Алар Мариван шаарында сурак берип жатышат. Болжол менен жума күнү америкалык туристтер чек арадагы тоолорду аралап жүргөндө байкабастан Иран аймагына өтүп кетишкен. Мамлекеттик "Хабар" телеканалы кармалгандар туристтер эмес деген шектенүүсүн айтып чыкты. Каналдын ырастоосунда, Батыш маалымат каражаттары аларды журналисттер деп аташкан. Батыш каражаттары америкалыктардын бири Жакынкы Чыгышта иштеген журналист жана фотограф деп маалымдашкан. АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Иранды америкалык жарандардын аман-эсен кайтуусун камсыздоого үндөдү.

XS
SM
MD
LG