Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Оштун бир көчөсүндө 5 күндөн бери ток жок


Ош шаарындагы Гагарин көчөсүнүнүн тургундары «Азаттыкка» кабарлашынча, аталган аймактагы чоң трансформатор күтүүсүздөн жарылгандыктан, беш күндөн бери электр кубаты жана элек. Шаардыктардын айтымында, мунун кесепетинен жүздөгөн муздаткычтар керектен чыгып, ток менен иштеген дагы ошончологон үй эмеректери күйүп кетти. Ошондуктан, оштуктар шаардын электр түйүндөрү ишканасынан материалдык жана моралдык чыгымдарын өндүрүү максатында сотко кайрылууга ниеттенүүдө.

Ош шаарынын вице-мэри Мухиддин Мамасадыков электр энергиясы бийликтин күнөөсү менен өчпөгөндүгүн, күйүп кеткен түйүн бүгүн-эртең калыбына келтирилээрин билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG