Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Бүгүн Петровка иши боюнча соттук териштирүү уланат


Москва райондук соту жаңжалды уюштуруду деп күнөөлөнүп жаткан “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин, “Болуш” биримдигинин лидери Сапар Аргымбаевдин жана укук коргоочу Уран Рыскуловдун иштерин карамакчы. Аталган жарандар 27-апрелден бери Коопсуздук Комитетинин камагында отурушат. Өткөн аптада бул иш имараттын тардыгына, айрым адвокаттардын жоктугуна байланыштуу каралбай калган. Москва районунун Петровка айылында 4 жашар кызды күрт тургуну зордуктады деген себеп менен кыргыз жана орус улутундагы жергиликтүүлөр күрт улутундагы тургундардын бир тобунун үй-жайын талкалап салышкан. Петровка жаңжалы боюнча бир нече кылмыш иши козголгондугу мурда маалымдалган. 4 жашар кыздын зордукталышы, анын таэнесинин белгисиз өлүмү жана жергиликтүү милициянын кайдигер мамилеси боюнча козголгон кылмыш иштер боюнча маалыматтар таратыла элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG