Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Иран оппозициясы митингге чакырды


Иран оппозициясы калкты бүгүн президент Махмуд Ахмадинежаддын ант берүү аземине каршы массалык нааразылык акцияларына чыгууга чакырды. Демонстрацияга чыгуу чакырыгы оппозициянын интернеттеги баракчаларында пайда болду. Оппозициянын тарапкерлери шайлоонун расмий жыйынтыктарын тааныбоого чакырууда. Июнда Тегерандагы массалык митингдер маалында 30га жакын киши набыт болуп, жүздөгөн демонстранттар камакка алынган. Ал аралыкта Батыш лидерлери президент Махмуд Ахмадинежадды экинчи мөөнөткө шайлануусу менен куттуктабай турган болушту. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Франциянын президенти Николя Саркози жана Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браундун басма сөз кызматтары билдиришти.

XS
SM
MD
LG