Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Нуралыктар жол тосту


Алай районуна караштуу Нура айылынын 200 чакты тургуну бүгүн Кытай - Сары-Таш - Ош автожолун тосушту. Алар былтыр октябрдагы жер титирөөдөн кыйраган кыштактагы үйлөрдүн кайрадан курулушу кечеңдетилип жаткандыгына кабатырланып, өкмөт башчынын биринчи орун басары Өмүрбек Бабановдун келишин жана курулуштун бүткөрүлүшүн мойнуна алган архитектура агенттигинин директору Нарбаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Бул туурасында «Азаттыкка» Нура кыштагынын тургундарынын атынан Бакыт Жороев маалымдады. Алай районунун акими Алмазбек Осмоновдун телефон аркылуу билдиргенине караганда, жол тосуу аракети жасалды, бирок акыркы мезгилде күндүн жаанчыл болушунан улам курулуш иштери кечеңдетилгендигин нуралыктарга түшүндүргөндөн кийин эл тарап кетти. (ATo)

XS
SM
MD
LG