Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

Өзбекстандык кыргыздар кыргыз бийлигинен жер сурады


Жалал-Абатта губернатордун биринчи орунбасары Турдуназир Бекбоев Өзбекстандын Кыдырша айлынын 25- 30 чакты тургуну Жалал-Абат облусунун аймагына көчүп келүү өтүнүчү менен кайрылганын билдирди. Алардын көпчүлүгүнүн жарандыгы белгисиз, бирок өзбекстандык кыргыздар менен баш кошкон аялдар кыргыз жарандары экен. Жолугушууда жарандыкты тактап алуу жагы сунушталып, жер берилбей тургандыгы түшүндүрүлдү. 4- августта областтык бийликке алтымыштай өзбекстандык кыргыздар келген. Алардын тең жарымы Сузак районундагы тууган-уруктарыныкында жашоодо. Райондун Барпы айыл өкмөтүнүн билдирүүсүндө Өзбекстан өз жерине аң казганда, кыдыршалык 38 кыргыз үй-бүлөнүн турак-жайы бузулган. (YA)

XS
SM
MD
LG