Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Кыргыз президентин куттуктоолор уланууда


Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Германиянын президенти Хорст Келер Кыргызстандын мамлекет башчысы Курманбек Бакиевди кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктаган телеграмма жиберген. Анда немис президенти Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө шайлануу менен өлкөдө демократиянын жана мыйзамдуулуктун бекемделишине, мамлекеттин коомдук-экономикалык жактан өнүгүшүнө чоң эмгек жумшайт, деген ишеничин билдирген.

Ушундай эле мазмундагы куттуктоо телеграммасын Пакистан ислам республикасынын президенти Асиф-али Зардари да жолдогон. Куттуктоо ээси К. Бакиевге ден соолук, иштерине ийгилик каалоо менен Кыргызстандын элине тынчтыкты жана бакубаттуулукту тилей тургандыгын маалымдап, эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык кызматташтык байланыштар өнүгө берерине үмүт арткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG