Ооганстанда жолго коюлган бомбадан бери дегенде 20 киши каза болду, 5өө жараланды. Кабарларга караганда, алар үйлөнүү тоюна баратышкан. Хелманд чөлкөмөнүн полициясы курман болгондордун арасында аялдар менен балдар бар деп маалымдады. Америкалык жана британиялык аскерлер талип козголоңчуларынын таянычы болуп эсептелген чөлкөмдө сокушкерлерге каршы операцияларын жүргүзүп келатышат.