Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Кыргыз тилинде – Ыйык Куран


Ыйык Курандын арабчадан кыргызчага түз которулган китеби жарыкка чыгып, анын жүзачары Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өттү.

Азыр жарык көргөн Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормо китеби Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын Кыргызстандагы өкүлү Сайид Бауминдин демилгеси жана жетекчилиги менен те 2006-жылы эле ушул Бишкекте даярдалгандыгын котормочулардын бири, Кыргызстан ислам университетинин проректору Садибакас Доолов аземде баса белгиледи. Сайид Баумин качанга чейин эле кыргыз тилине Куран маанилерин түпнускадан - араб тилинен эмес, орус тили сыяктуу башка тилдерден которуп жүрө бересиңер деп кыргыздардын намысына да тийген экен. Котормочуларга ал шаар борборунан 3 бөлмөлүү батир жалдап, компьютер, китеп-кагаз, тамак-ашынан бери камсыздап анан ишке салыптыр. Бул Ыйык Куранды Садибакас Доолов менен бирге Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садык Гавай которушкан.

Адатта Кыргызстанда диний салтанаттар ыр-күүсүз өтчү эле, бул аземде кыргыздын комузу жаңырып, Жеңишбек, Аалы-төкмөлөр Куран жаатында алымсабак айтышты. Ошого эле катар кайра маркумдарга багышталып куран аяты жаңырды.

Аземде сөз алган Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын Кыргызстандагы өкүлү Сайид Баумин 10 миң нускадагы бул Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормо китебин чыгарууга башка араб сүрөөнчүлөрү да катышкандыгын эскертип келип, курандын маанисине өзгөчө басым жасады:

- Куран китебинин жарыкка чыгышын минтип майрамдагандан улуу майрам жок! Ошондой эле Курандан бийик да эч нерсе жок!

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректири Каныбек Осмоналиев театрга сыйбай турган элди, алардын маанайын көрүп таң калгандыгын жашырганы жок. Ал айрыкча Президенттик шайлоо алдындагы эл-журтту түрө кыдыруусунда Курманбек Бакиевдин динге, исаламга, айрыкча Куранга болгон таза мамилеси ачык байкалгандыгын да кошумчалады.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов болсо Куранды араб тилинен түз кыргыз тилине которуу азыр жаңылык болбой калгандыгына токтолду:

- Мына буга чейин кыргыз тилинде Алауддин Мансурдун котормосу, Надырбек-ажынын котормосу чыккан, мына бул жерде катышып олтурган депутатыбыз Алишер Сабиров биринчи кыргыз тилинде чыккан Курандын котормосуна сүрөөнчүлүк кылган, Президентибиз Курманбек Бакиевдин сүрөөнчүлүгү менен да миңдеген нускалар чыгарылып, таратылган.

Муфтий Мураталы-ажы Жуманов андан ары Президент Курманбек Бакиев иш-кеңсесиндеги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жанына Куранды да коюп ала тургандыгын убада кылгандыгын жарыя салды.

Аземге келгендердин бардыгына Ыйык Курандын жаңы кыргызча котормо китеби таркатылды. Китеп - 624 бет. Кыргызча Куранды көпчүлүк өөп кабыл алгандыгына күбө болдук.

Куран өз тарыхында бүгүнкү күнгө чейин 61 тилге которулуптур. Ал эми Инжил 2400дөй тилге которулуп, 8 млрд. нуска менен чыккандыгын эске алсак – Куран үчүн жасала турган албан эмгек дагы алдыда экендигин туюнабыз.

XS
SM
MD
LG