Кыргыз-тажик Тышкы иштер министрлер Кеңеши Дүйшөмбү шаарындагы отурумда төрт документти бекитти. Алардын катарында 2009-2010-жылдар аралыгындагы кызматташтык, аскерий тармактагы кызматташтык, эки өлкө аймагында аскерий жана тартип кызматтарынын кызматташтыгы жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишимдерди ратификациялоо тууралуу документтер бар. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери Зарифи Хамрохон менен Кадырбек Сарбаев жолугушууда экономикалык, саясий, социалдык, гуманитардык кызматташтыктын бардык өңүттөрү талкуулашты. Кечээ Тажикстанда кыргыз-тажик Тышкы иштер министрлеринин Кеңеши алгачкы отурумун өткөрүштү. Ага Кыргызстандан министр Кадырбек Сарбаев баштаган делегация барды. (BuS)