Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Венеция комиссиясы колдогон долбоор ЖКга баратат


“Митингдер, жөө жүрүштөр, куралсыз тынч чогулуулар жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоору Венеция комиссиясынын колдоосуна татыды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында Акыйкатчы жана анын алдындагы укук коргоочулар кеңеши биргелешип жаңы мыйзам долбоорун даярдап, Венеция комиссиясынын кароосуна жиберген. Комиссия долбоорду эл аралык нормаларга төп деген бүтүм чыгарды. Анын негизинде авторлор тобу мыйзам долбоорун ушул күздө парламенттин кароосуна өткөрүү аракетин көрүп жатышат.
Азыр иштеп жаткан мыйзамды укук коргоочулар Конституцияга каршы келет, адамдардын укуктары менен эркиндиктерин басмырлайт деп эсептешет. (BuS)

XS
SM
MD
LG