Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Балыкчы окуясы боюнча сот болуп жатат


Кара-Колдогу Ысык-Көл обулстук соту Балыкчы окуясы боюнча камакка алынган 14 кишинин апелляциялык арызын карап жатат. Кармалгандардын адвокаты Айбек Жанузаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда сот камакка алынган 14 кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды кароодо. Сот чечими түштөн кийин чыгарылышы күтүлүүдө.

23-июлдагы президенттик шайлоо күнү Балыкчыда чыккан чатак боюнча кармалган 14 киши азыр убактылуу камоо жайында отурушат. Алардын бирөө кечээ ооруканадан камакка алынган. Аларга Кылмыш Кодексинин үч беренеси боюнча: шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык уюштурууга аракет кылган деген айыптар тагылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG