Бишкек шаардык мэриясы ушул айдан тарта шаардагы жети жаңы конушка жол салынып жатканын кабарлады. Быйыл баш-аягы жыйырма бир киллометр жол курулат. Бул иш-чараларга эки жүз миңден ашуун каражат бөлүнгөн. Анын теңинен көбүн Дүйнөлүк Банк берген, калганы шаар администрациясы менен кыргыз өкмөтүнүн казнасынан бөлүнгөн. (EBM)