Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Боом капчыгайында унаалардын тыгыны болду


Кечээ кечке маал Боом капчыгайынын жанында казакстандын мамлекеттик номурундагы “Lеxsus-470” Жип унаасы менен Фольсваген-Гольф автоунаасы кагылышып, “Lеxsus” дарыяга түшүп кеткен. Аны чыгаруу үчүн чоң кран 10-15 минута жолду бууп калгандыктан бир нече чакырымга унаалар токтоп, жолдо тыгын пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. “Ал эми эл арасында Боомдо поезд кулаптыр деген айың кеп чындыкка коошпойт. Кечээ Балыкчыдан 17-40та чыккан поезд 21-17де Бишкекке аман эсен келди”,- деп билдириди аталган министрликтен. Кечээ калк арасында Боомдо поезд кулаптыр деген кеп чыккан эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG