Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Кыргызстандагы уйгурлар уюму Үрүмчү окуясын эскерет


Бүгүн Кыргызстандагы уйгурлардын “Иттипак” уюму Кытайдын Үрүмчү шаарында 5-июлда уйгурлар менен кытайлардын кагылышуусунда каза болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрөт. Буга чейин аталган уюм Үрүмчүдөгү уйгурлардын укуктарынын тебеленип жатканына жана камакка алынып жатышына тынчсызданып Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысына, кыргыз президентине жана Кыргызстандагы кытай элчисине кайрылуу жолдогон. Кыргызстандагы уйгурлар уюму Үрүмчүдөгү окуя акыйкат иликтенип, күнөөкөрлөрдү эл аралык сот жообуна тартууга, камакта жаткан уйгурларды бошотууга жардам берүүгө дүйнөлүк коомчулукту үндөгөн. Маалыматтарга караганда Үрүмчү шаарындагы уйгур-кытай кагылышусунда жүз элүүдөн ашык адам каза таап, 800дөн ашуун адам жаракат алып, жүздөгөн адамдар камакка алынган. Буга байланыштуу эскерүү бүгүн Бишкектеги “Сейтек” борборунда болот. (AJ)

XS
SM
MD
LG