Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Бүгүн Петровка чатагы боюнча сот улантылат


Чүй облусундагы Москва райондук соту Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” уюмунун жетекчиси Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскуловго байланыштуу ишти кароону улантат. Аларга апрель айынын соңунда Петровка айлында баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар делип шектелип айып тагылууда. Бул ишти Москва райондук соту 5-августтан тарта карай баштаган. Сот айыпталып жаткан Э.Бөлөкбаев, С. Аргынбаев жана У. Рыскуловго баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызын канааттандырган эмес. Ушул жылдын 25-апрелинде Петровкада күрт улутундагы жигит төрт жашар орус кызды зордуктады деп жергиликтүү эл нааразыланып күрт улутундагы жашоочуларды тезинен айылдан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Маалыматтарга караганда Петровкадагы күрт улутундагы жыйырмадан ашуун үй-бүлөө Орусияга көчүп кетишкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG