Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты, ирандык укук коргоочу Ширин Эбади Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мунду Иранга барууга чакырды. Эбади баш катчыга адам укуктарынын тебеленип жатышын өз көзү менен көрүүгө сунуш кылды. Анын ырастоосунда, июнь демонстрацияларында 100дөн ашуун адам мерт болгон, дагы жүздөгөнү камакка алынган. Иран бийлиги өлкөнүн диний түзүлүшүн төңкөрүүгө аракет кылган деген шылтоо менен 100дөн ашык адамды соттоп жатат. Батыш сотту катуу сындаган.